Марал Радиосу

Токаев Мирзиёевдин сапары алдында анын кызын кабыл алды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Өзбекстан президентинин жардамчысы Саида Мирзиёеваны кабыл алды. Бул тууралуу Акордонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта жолугуушуунун жүрүшүндө эки өлкө ортосундагы көп пландуу өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланганы жазылган.

«Казакстан менен Өзбекстандын өз ара мамилесинин өнөктөштүк жана стратегиялык мүнөзүн белгилеген Касым-Жомарт Токаев жогорку деңгээлдеги саясий диалогду кеңейтүү үчүн президенттик администрациялардын ортосунда тыгыз байланыштын орношу маанилүү экенин билдирди», – деп жазылган Акордонун билдирүүсүндө.

Токаев менен Мирзиёеванын жолугушуусу өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин 7-августка белгиленген Астанага сапарынын алдында болду.

Саида Мирзиёева Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин улуу кызы. Ал президенттин жардамчысы кызматына 2023-жылы августта дайындалган.