Марал Радиосу

Париж-2024: Мээрим Жуманазарова Олимпиаданын күмүш медалынын ээси

7-августка караган түнү Париждеги Олимпиадалык оюндардын алкагында Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча балбаны Мээрим Жуманазарова финалда алтын медаль үчүн килемге чыгып, күмүш медаль ээси болду.

Ал 68 кг салмак ченинде АКШ балбаны Эмит Элор менен беттешип, 0:3 эсебинде жеңилип калды.

Жуманазарова Кыргызстандын тарыхында Олимпиада пьедесталына эки жолу чыккан алгачкы кыргызстандык болуп калды. Ал Токио-2020 Олимпиадасында коло медаль ээси болгон.

Мээрим Жуманазарова жарым финалда нигериялык Блессинг Оборудуду аттуу атаандашын 3:1 эсебинде жеңген.

Жуманазарова биринчи беттешинде монголиялык Делгермаа Энхсайханды 8:3 эсебинде уткан. 

1/4 финалда жапониялык Нонока Озаки менен беттеш өткөрүп, 8:6 эсебинде жеңип алган.