Марал Радиосу

Министрлик: Өз алдынча иштеп келген дыйкандар кооперативдерге бириктирилет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө мамлекеттик деңгээлде колдоо көрсөтүлөрүн билдирди.

Бул багытта министрлик дыйкан-фермерлерге бардык шарттарды түзүп берүүгө көмөктөшөрүн кабарлады.

Ал үчүн кайра иштетүүчү агроөнөр жай ишканаларын, фермердик үрөн чарбаларын өнүктүрүүгө, инновациялык технологияларды киргизүүгө жана жеңилдетилген каржылоого жетүүгө үзгүлтүксүз жардам берилет.

Президент Садыр Жапаровдун 2024-жылдын 23-июлунда “Агроөнөр жай комплексин мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгы чыккан.

Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын башкармалыгынын төрагасы Эрлист Акунбековдун айтымында, жарлык 40тан ашык пункттан турат. Анын ар бири ишке аша турган болсо, айыл чарбада өзгөрүүлөр болушу күтүлөт.

“Азыр айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр өз-өзүнчө алектенип жатат. Жарлыкка ылайык, эми дыйкандардын башы бириктирилет. Мунун аркасы дыйкан-фермерлер кооперативдер аркылуу экспортко чоң көлөмдөгү продукцияларды чыгара баштайт ”, — деп белгилеген Акунбеков.