Марал Радиосу

Париж-2024: Үзүр Жусупбеков жарым финалга чыга алган жок

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында 97 кг салмакта Үзүр Жусупбеков грек-рим күрөшү боюнча чейрек финалда ирандык балбан Мохаммадхади Сарави менен беттешти.

Ал атаандашына 8:0 эсебинде жеңилди. Эгер ирандык балбан финалга чыкса, Жусупбеков коло медаль үчүн кайталоо турниринде күч сынашат.

Жарым финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 22:15те башталат.

Үзүр Жусупбеков  1/8 финалдагы беттеште литвалык Миндаугас Венцкайтисти 5:1 эсебинде жеңген.

Үзүр Жусупбеков 28 жашта, Ал Токио Олимпиадасынын катышуучусу, 2019-жылы Азия чемпиону болгон.