Марал Радиосу

Олимпиада: Акжол Махмудов жарым финалга чыга алган жок

6-августта Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Акжол Махмудов 77 кг салмакта чейрек финалдагы беттешке чыкты.

Ал казакстандык атаандашы 34 жаштагы Демеу Жадраевге 3:1 эсеби менен утулду.

Махмудов 8/1 финалдагы беттеште АКШ балбаны Камал Амир Бей менен күрөшүп, аны 4:1 эсебинде жеңген.

Казкстандык балбан буга чейин колумбиялык атаандашын 9:0 эсебинде уткан. Жадраев финалга чыкса, Махмудов коло үчүн жубатуучу турнирде күч сынашат.

25 жаштагы Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча Дүйнөнүн эки жолку, Азиянын үч жолку чемпиону. 2021-жылы Олимпиадалык оюндардын күмүш медалын уткан.