Марал Радиосу

УКМК өзбекстандык кримтөбөл Салим Абдувалиевге издөө жарыялады

Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого байланыштуу кримтөбөл, өзбекстандык ишкер Салим Абдувалиевге издөө жарыяланды. Бул тууралуу Улдуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

«Братский круг» эл аралык кылмыштуу тобуна кирген Камчы Асанбектин «Мыйзамдагы ууру» уюшкан кылмыштуу тобунун ишин Өзбекстандын ири ишкерлеринин бири жана кылмыш дүйнөсүнүн лидери Салим Абдувалиев («Салимбай Байбатча» деп аталган криминалдык авторитет, Өзбекстандын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн формалдуу эмес лидери, 2024-жылы ок атуучу куралды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн Өзбекстандын сот органдары тарабынан соттолгон) тарабынан каржылоо фактылары аныкталды.

Салим Абдувалиев Өзбекстандын аймагында кылмыштуу топтордун лидери болуу менен бирге КМШ өлкөлөрүнө да түздөн-түз таасирин тийгизип, баңги каражаттарды Европа өлкөлөрүнө мыйзамсыз ташуу каналдарын уюштуруп, Камчы Асанбек менен байланыш түзүп, системалуу түрдө материалдык жардам көрсөткөн.

Камчы Асанбектин Өзбекстандын аймагында Салим Абдувалиев тарабынан уюштурулган салтанаттарга жана башка иш-чараларга бир нече жолу барганы тууралуу маалыматтар бар экени айтылат.

Чогултулган материалдардын негизинде Салим Абдулаевге карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому менен сыртынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынды. Мындан тышкары кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн мамлекеттер аралык жана «Интерпол» Улуттук Борбордук бюросунун линиясы боюнча издөө жарыяланды.