Марал Радиосу

Париж-2024: Үзүр Жусупбеков чейрек финалга чыкты

Бүгүн, 6-августта Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында 97 кг салмакта Үзүр Жусупбеков грек-рим күрөшү боюнча  беттешке чыкты.

Ал 1/8 финалда литвалык Миндаугас Венкайтис (Mindaugas Venckaitis) менен беттешип, аны 5:1 эсеби менен жеңди.

Муну менен ал Олимпиада оюндарынын чейрек финалына чыкты.

Үзүр Жусупбеков 28 жашта, Ал Токио Олимпиадасынын катышуучусу, 2019-жылы Азия чемпиону болгон.