Марал Радиосу

Париж-2024: Акжол Махмудов алгачкы атаандашын жеңди

77kg GR - Akzhol Makhmudov (KGZ)

Бүгүн, 6-августта Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Акжол Махмудов  77 кг салмакта 1/8 финалдагы беттешке чыкты.

Ал АКШ балбаны Камал Амир Бей менен күрөшүп, аны 4:1 эсеби менен жеңди. Эми Акжол Махмудов чейрек финалдагы беттешке чыгат. Анда атаандашы казакстандык Демеу Жадраев болмокчу.

Акжол Махмудов АКШлык атаандашы Камал Бей менен буга чейин уландар арасындагы мелдеште эки ирет беттешип, биринчисинде жеңилип, кийин жеңип алган.

Бүгүн ошондой эле 97 кг салмакта балбан Үзүр Жусупбеков грек-рим күрөшү боюнча беттешке чыгат.

2023-жылы Дүйнөлүк күрөш уюму 25 жаштагы Акжол Махмудовду «Жылдын үстөм (dominant) балбаны» деп атаган. Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча Дүйнөнүн эки жолку, Азиянын үч жолку чемпиону.

2021-жылы Олимпиадалык оюндардын күмүш медалын уткан.