Марал Радиосу

Париж-2024: Мээрим Жуманазарова финалга чыкты

6-августка караган түнү Париждеги Олимпиадалык оюндардын алкагында Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча балбаны Мээрим Жуманазарова финалга чыкты.

Ал 68 кг салмак ченинде нигериялык Блессинг Оборудуду аттуу атаандашын 3:1 эсебинде жеңди.

Жуманазарова биринчи беттешинде монголиялык Делгермаа Энхсайханды 8:3 эсебинде уткан. 

1/4 финалда жапониялык Нонока Озаки менен беттеш өткөрүп, 8:6 эсебинде жеңип алган.