Марал Радиосу

Олимпиада: Мээрим менен Жоламан жарым финалга чыкты

60 кг салмакта кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков чейрек финалда румыниялык Разван Арнаут менен беттешти.

Ал атаандашын 9:0 менен утуп, жарым финалга чыкты. Шаршенбеков 1\8 финалда алгачкы атаандашы казакстандык балбан Айдос Султангалини 6:3 эсебинде жеңген.

Жоламан Шаршенбековдун жарым финалдагы атаандашы жапониялык Кеничиро Фумита болду.

Ал эми кыргызстандык дагы бир балбан Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта чейрек финалда япониялык Нонока Озакини жеңип, жарым финалга чыкты. Ал атаандашын соңку мүнөттөрдө 8:6 эсеби менен утуп кетти.

Мээрим Жуманазарова 1\8 финалда биринчи атаандашы монголиялык Дэлгермаа Энхсайханды 8:3 эсебинде жеңген.

Жарым финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча 6-августка караган түнү 01:00дө болот.