Марал Радиосу

Париж-2024: Жуманазарова менен Шаршенбеков чейрек финалга чыкты

Бүгүн, 5-августта Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер башталды.

Мелдештин биринчи күнү грек-рим күрөшү боюнча 60, 130 кг чейинки салмакта жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 68 кг чейинки салмак категориясында беттештер өтүүдө.

Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков 60 кг салмак ченинде казакстандык Айдос Султангали менен кез келди. Натыйжада Шаршенбеков казак балбанын жеңип, чейрек финалга өттү.

Ал эми Мээрим Жуманазарова 68 кг монголиялык Делгермаа Энхсайхан менен күч сынашты. Ал атаандашын 8:3 эсебинде жеңип, чейрек финалга жолдомо алды.

1/4 финалдагы мелдештер Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 01:00дө өтөт.

Жубатуучу беттештер жана медаль үчүн беттештер эртең, 6-августта болот.

Exit mobile version