Марал Радиосу

Орунтаев 500дөй курулуш компаниясынын лицензиясы алынарын айтты

Бүгүнкү күндө лицензиясы алына турган курулуш компаниялардын тизмеси даярдалып жатканын Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев билдирди.

2001-жылдан бери 7 миңге жакын курулуш лицензиясы берилген, анын ичинен 2 миң гана курулуш компаниясы иш жүзүндө иштеп жатканы маалым болду.

«Баштапкы комиссия эле лицензиясынан ажыратылышы керек болгон 500гө жакын компанияны аныктады. Ишкерлер лицензия алуу үчүн түз эле Мамкурулушка кайрылышы керек. Биз лицензияны “оңой алып, ошол эле маалда оңой жоготуп жиберүү” принцибинде иштеп жатабыз. Эгер компания курулуштун техникалык нормаларын бузса же мыйзамсыз иштер менен алектенсе, лицензиясынан ажырайт» , — деди Орунтаев.

Ал мыйзамсыз объектилердин тизмеси 2023-жылдын ноябрында түзүлө баштаганын жана жакында толугу менен даяр болорун кошумчалады.

Мурда курулуш лицензиясын алуу үчүн 23 документ талап кылынып келген, учурда алты гана документ керек. Ошондой эле документ чогултуп, арыз берүүнүн убактысы да кыскарган.