Марал Радиосу

Былтыр Кыргызстанга Сириядан канча кыргызстандык алып келингени айтылды

2023-жылдан бери Сириядан 121 кыргызстандык мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 5-августта өткөн маалымат жыйында билдирди.

Сириядан кайтарылган 121 жарандын 36сы аял, 85и балдар. Алар «Айкөл» гуманитардык миссиясынын алкагында мекенине ийгиликтүү алып келинди.

«Үч жума мурун Сириядан Кыргызстандын жарандарын мекенине кайтаруу операциясы жүргүзүлдү. Анын натыйжасында 36 адам Кыргызстанга алып келинди. Анын ичинде 16 аял, 20 бала бар. Сириядагы Кыргызстандын жарандарын мекенине дээрлик толук кайтарып бүтүп калдык десе болот. Эми Ирактагы кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу иштерин жүргүзүү пландалууда» , — деди министр.

Бул гуманитардык миссия Кыргызстандын мамлекет башчысынын жана Министрлер кабинетинин Кыргызстандын жарандарын мекенине тез арада репатриациялоо боюнча койгон милдеттерине ылайык ишке ашырылды, ошондой эле Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн түздөн-түз колдоосу менен уюштурулду.