Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын январь-июль айларында 161 млрд 356,3 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту.
Белгиленген план 5,8 млрд сомго ашыгы менен аткарылганын аталган мекемеден кабарлашты. 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25,6 млрд сомго көп жыйналган.
Анын ичинде 118 млрд 458,7 млн сом салык жана төлөмдөр чогултулуп, план 283,8 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Бул 2023-жылдын 7 айына салыштырмалуу 19,3 млрд сомго көп.
Чогултулган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы 42 млрд 897,6 млн сомду түздү же 5 млрд 482,6 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Бул көрсөткүч 2023-жылдын январь-июль айларында чогултулган суммадан 6,3 млрд сомго көп.