Марал Радиосу

Жогорку окуу жайларга тандоонун IV туру башталды

Бүгүн, 5-августа жогорку окуу жайларына тандоонун жана кабыл алуунун IV туру башталды.

Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашкандай, каттоо автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу 7-август саат 14:00гө чейин жүргүзүлөт. https://2020.edu.gov.kg/

Үч турда талондордун эң көп саны Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде жана жана Ош мамлекеттик университетинде катталды.

2024-2025-окуу жылына карата жогорку окуу жайларына тандоо “Абитуриент онлайн” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу беш тур менен өтөт.

ЖОЖдорго тандоо жана кабыл алуу графиктери жөнүндө толук маалыматты ушул шилтеме аркылуу алса болот.

Exit mobile version