Марал Радиосу

Айыл чарба тармагына инвестицияны үч эсе көбөйтүү пландалууда

2030-жылга чейин айыл чарбасына инвестицияны үч эсе көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынан билдиришти.

Буга чейин президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Бул жарлыкта агроөнөр жай комплексин колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган чаралар каралган.

Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы белгилегендей, бул жарлык менен чарбаларды ыктыярдуу түрдө кооперативдерге бириктирүү чаралары киргизилип, алардын натыйжалуулугун жогорулатуу жана ири өндүрүштү көбөйтүү каралган.

«Дыйкандарга жеңилдетилген насыялар да жеңилдейт. Ошентип, ири айыл чарба ишканаларын колдоо үчүн мамлекеттик банктарда долбоордук каржылоо системасы киргизилет. Мамлекет ошондой эле жайыт жерлерин жакшыртат. Бул жарлыктын алкагында инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү аркылуу 2030-жылга чейин айыл чарбасына чет элдик инвестициянын көлөмүн үч эсе көбөйтүү каралууда», — деп билдирди Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы.

Ошондой эле тармактын өндүрүмдүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатуу үчүн биотехнологияларды, климаттын өзгөрүүсүнө ылайыктуу технологияларды, жасалма интеллектти жана айыл чарбасын санариптештирүүнү активдүү киргизүү пландаштырылууда.