Марал Радиосу

Мунарбек Сейитбек уулу: Кыргызстанга алтын алып келүүгө аракет кылам

Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги Олимпиада оюндарында чейрек финалда жеңишке жеткенден кийин кыска маек берген.

Ал 4-августка караган түнү дүйнө чемпиону Жамал Харвини жеңип, 57 килограммга чейинки салмак ченинде Олимпиаданын жарым финалына чыккан.

“Жарым финалга чыктык, бирок муну менен токтоп калбоо үчүн бардык аракетимди жумшайм. Жарым финалда жана финалдык беттеште күч сыноого, Кыргызстанга алтын алып келүүгө аракет кылам. Баарыңыздарга рахмат”, — деди мушкер.

Мелдешке даярдык жакшы болгонун, баары машыктыруучу көрсөткөндөй болгонун айтты. Ал эми атаандашы учурдагы дүйнө чемпиону болгондуктан аны жеңүү оңой болбогонун кошумчалады.

Мунарбек Сейитбек уулу 1-августка караган түнү Олимпиаданын акагында алгачкы беттешин өткөрүп, кубалык Орта Сайделди жеңген. 4-августка караган түнү Мунарбек Сейитбек уулу 57 килограмм салмакта чейрек финалда АКШ мушкери Жамал Харвини 3:2 эсебинде жеңди.

Эми ал жарым финалда күч сынашат. Медаль үчүн оюндар 8-августта башталат.