Марал Радиосу

Спорт департаменти Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусу Парижге барбай калган себебин түшүндүрдү

Дене тарбия жана спорт департаментинин жетекчиси Айбек Абдымомунов мушкер Мунарбек Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаевдин Парижге барбай калган себебин түшүндүрүп, Фейсбук баракчасына мындай деп жазды.

«Мунарбек мушкерибиз көп күткөн Олимпиадага лицензияны ушул жылы июнь айында алды. Ал эми тренерлерди аккредитациялоо март айында эле жыйынтакталган. Лицензиялык турнирлерге бир канча мушкер катышып, кимиси лицензия алары белгисиз болгондуктан, башкы тренер аккредитациядан өткөн. Олимпиадага даярдык кандай дыкаттык менен жүрөрү баарыбызга белгилүү эмеспи. Ушуга байланыштуу бир гана башкы тренерге уруксат берилди. Тилекке каршы, жеке тренер гана эмес, улук тренер дагы Парижге бара алган жок».

Белгилей кетсек, социалдык тармакта Сейитбек уулунун машыктыруучусу, анын беттешин  сыналгы аркылуу көрүп жаткан видеосу тарап, түрдүү сын пикирлер айтылды. Айрымдары машыктыруучусунун жол киресин төлөөгө макул экенин жазып  чыгышкан.