Марал Радиосу

Эрмат Жумаев президенттин Талас облусундагы өкүлү болуп дайындалды

Жумаев Эрмат Жумаевич президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун тескемесине ылайык Эрмат Жумаев Талас облусунун Талас шаарынын мэри кызматынан бошотулду.