Марал Радиосу

Таласта кой кайтарууга мажбурланган баланын окуясы териштирилет

Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Шекер айылында 2-класстын окуучусу кийим-кечесиз, тамак-аш жебей, мал багып жүргөнү тууралуу видеотасма тарады.

Анда айтылгандай, баланын атасы аны Казакстан менен чек арага жалгыз таштап кеткен.

«Атасы 7 жаштагы баласын Казакстан менен чектеш жерге алып келип, жалгыз таштап, кой кайтартып койгон. Катыган, көгөрүп кеткен нан жейт. Түнкүсүн чөө, карышкыр келип, коркконунан чатырга чыгып кетет экен. Же тамагы жок, же үстүндө кийими жок. Дыйкандар келип, болгон азыгын таштап кетишет. Атасына кайрылышса,  «коркпойт» деп коюптур. Атасы ушинтип баласын кордоп жатат» , — дейт видеонун автору.

Видео качан жана ким тарабынан тартылганы азырынча белгисиз.

Талас облустук ички иштер башкармалыгы окуя териштирилип жатканын жана кенен маалымат берилерин билдирди.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалыматты тактоо үчүн окуя болгон жерге милиция кызматкерлери жана социалдык кызматкерлер жөнөтүлгөнүн кабарлады.