Марал Радиосу

Түркияда Инстаграмга кирүүгө чектөө коюлду

ТАСС маалымат агенттиги жазгандай, 2-августта эртең менен Түркияда Технология жана коммуникациялар кеңешинин чечими менен Инстаграмга кирүүгө тыюу салынды. Бөгөттөөнүн себептери жана канча убакытка чектелгени айтылган эмес.

Birgün гезити мындай чечим Иранда ХАМАСтын башчысы Исмаил Ханиянын өлтүрүлүшүнө байланыштуу Инстаграмда көңүл айтууга бөгөт коюлганынан улам кабыл алынышы мүмкүн экенин маалымдаган.

Бирок бул болжолду Түркия президентинин администрациясынын байланыш бөлүмүнүн башчысы Фахреттин Алтун четке каккан.

Инстаграмды чектөөгө байланыштуу өкүмдү Анкара соту 2-августта күндүз чыгарары күтүлүүдө.