Марал Радиосу

«Кызыл-Суу» суусунан изделип жаткан аялдын сөөгү табылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 1-август күнү Кызыл-Суу суусунан изделип жаткан жарандын сөөгү табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

1-август күнү саат 8:00 чамасында Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы «Чоң Кызыл-Суу» суусунун жээгинен 1951- жылы туулган С.Г. аттуу аял кишинин бут кийими табылган.

Жерине Жети-Өгүз районунун Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 13 куткаруучу 1 дрон аппараты менен жана 14 милиция кызматкери, жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылган.