Марал Радиосу

Жайыл райондук салык башкармалыгынын улук инспектору кармалды

Мамлекеттик салык кызматынын Жайыл району боюнча башкармалыгынын улук инспектору Б.А.А. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

30-июлда мамлекеттик органдардагы системалуу коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү «Опузалап пара талап кылуу» фактысы боюнча кызматтык бөлмөсүндө пара алууга шек саналган Мамлекеттик салык кызматынын Жайыл району боюнча башкармалыгынын текшерүү бөлүмүнүн улук инспектору Б.А.А. кармалды.

Кармалган жаран З.П.К. ЖЧКсынын башкы эсепчисинен пландуу салыктык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча оң корутунду чыгарып берүү үчүн 35 миң сом өлчөмүндө пара талап кылган.

УКМК башка кызмат адамдарынын салык чөйрөсүндөгү коррупциялык схемаларга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүп жаткандыгын билдирди.