Марал Радиосу

JIA бизнес-ассоциациясы «жашыл» экономика боюнча окутууларды өткөрөт

JIA бизнес-ассоциациясы «Кыргызстанда жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү» программасы менен биргеликте жашыл технологияларды жана жеке сектордо туруктуу өнүгүүнү илгерилетүүгө багытталган долбоорду ишке ашырууда.

Долбоор чакан жана орто бизнес үчүн “жашыл” консультанттарды даярдоо, экологиялык таза технологияларды киргизүүдө айым ишкерлерди колдоо боюнча “Жашыл ишкер — айым” жана “Жашыл толкун” демилгеси университет, лицей окуучулары үчүн жашыл чечимдерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча сынак болуп эсептелет.

«Бул долбоор Кыргызстандагы чакан жана орто ишканаларга, ишкер айымдарга мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган. Демилгелер аларды жашыл технологияларды жана туруктуу бизнес практикасын ишке ашыруу үчүн алдыңкы билим, ресурстар менен камсыз кылууга багытталган. Биз алардын экологиялык чакырыктарга ыңгайлашуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөөгө умтулабыз, бул өз кезегинде алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн күчөтүп, бүтүндөй өлкөнүн туруктуу экономикалык келечегине салым кошот». — JIAнын аткаруучу директору Аззамбек Жээнбай уулу.

Окутуу жана сертификациялоонун жыйынтыгы боюнча 28ден кем эмес консультант туруктуу бизнес практикасы боюнча консультацияларды берүү менен аймактардагы чакан жана орто бизнести эффективдүү колдоого алат.

Жашыл технологияларга өтүүнү колдоо, экологиялык таза чечимдерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн ишкер айымдардын потенциалын жогорулатуу үчүн жаңы консалтингдик кызматтар киргизилет.

Мындан тышкары, студенттер арасындагы сынак мыкты жашыл долбоорлорду ишке ашыруу аянтчасына айланат жана катышуучулар экологияга багытталган компанияларда практикадан өтүү жана ишке орношуу үчүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү алышат.

Долбоор BMZ, ЕБ жана Швейцария өкмөтү менен тарабынан каржыланып GIZ тарабынан ишке ашырылат.