Марал Радиосу

Жаңы төрөлгөн баланы толук документтештирүү боюнча долбоор ишке кирди

Санариптик өнүгүү министрлиги Саламаттыкты сактоо, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте жаңы төрөлгөн балдарды 100% мамлекеттик каттоо маселесин чечкен санариптик долбоорду ишке ашырды.

Буга чейин Кыргызстанда жаңы төрөлгөн балдардын 7-10 пайызы (10 миңге жакыны) туулгандыгы тууралуу күбөлүк алышкан эмес. Муну менен алар төрөт боюнча жөлөкпул, медициналык кызматтар, бала бакчага кирүү, мектепке баруу сыяктуу кепилденген мамлекеттик кызматтарды албай калышкан.

“Өкмөттүк акселераторлор” программасын ишке ашыруунун алкагында 2024-жылдын май айында бир нече мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларын интеграциялоо жүргүзүлдү.

Натыйжада бул бардык жаңы төрөлгөн балдарды каттоо процессин натыйжалуу көзөмөлдөөгө жана алардын толук документтештирилишин камсыздоого мүмкүндүк берген.

Эми төрөт үйүнөн маалымат дароо Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментине түшөт. Ал эми бала төрөлгөндөн кийин 60 күндүн ичинде баланын ата-энеси туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн кайрылбаса, социалдык кызматкерлер үй-бүлөгө барып, жаңы төрөлгөн балага документ алуу керектигин эскертип турат.

2024-жылдын 25-майынан 22-июлуна чейин ата-энелери документтерди алуу үчүн кайрылбаган 876 баланын 398и туулгандыгы тууралуу күбөлүк алышкан. Калган балдар боюнча социалдык кызматкерлер тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.