Марал Радиосу

ТИМ кыргызстандыктарды Израиль жана Ливанга барбай турууга чакырды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчуганына байланыштуу кыргызстандыктарга Израиль жана Ливанга баруудан карманууну сунуштады.

Ошондой эле министрлик Ливан жана Израилде жашаган Кыргызстандын жарандарына региондогу кырдаал турукташканга чейин жеке коопсуздугуна маани берүүгө чакырды.

Ыкчам байланыш үчүн Кыргызстандын Кувейттеги элчилигинин (+96525359951), Түркиядагы элчилигинин (+905456896800) жана Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин (+996 999 312002) ишеним телефондору аркылуу зарыл учурда жардам же консультация алуу үчүн кайрыла алышат.

Бир катар өлкөлөр жарандарын Ливандан чыгып кетүүгө чакырды