Марал Радиосу

Ысык-Көлдө скутер тээп жүргөн адам сууга чөгүп каза болду

Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында 35 жаштагы жаран скутер айдап жүрүп сууга чөгүп каза болду. Маалыматты облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Окуя 31-июлда Чок-Тал айылында болгон. Жергиликтүү тургун скутер айдап бара жатып, жээктен алыска кетип, чөгүп кеткен. Ал оор абалда ооруканага жеткирилген. Дарыгерлердин аракетине карабай адам жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.

Бул факты боюнча тергөөгө чейинки иликтөө иштери башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалганын облустук милициядан кабарлашты.