Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Президенттин Администрациясынын отурумун өткөрүп, айрым мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү баа берилип, кээ бир жетекчилерге тартиптик чара көрүлдү.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, акимдердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин аймактардагы маданият үйлөрүнүн, китепканалардын ишин уюштуруудагы аракеттери жетишсиз деп таанылып, министрликке бир катар тапшырмалар коюлду.
Юстиция министрлигинин нотариус кызматы боюнча жүргүзүп жаткан иши жетишсиз деп таанылып, министрдин орун басары Орозбек Сыдыковго нотариус тармагындагы министрликтин кемчиликтери үчүн “сөгүш” тартиптик чарасы жарыяланды.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоодо даректүүлүк маселесинде көрүп жаткан аракеттери “жетишсиз” деп таанылып, министрликке тиешелүү бир катар тапшырмалар берилди.