Марал Радиосу

Президенттин Таластагы өкүлү Дарданов кызматынан бошотулду

Нурлан Дарданов Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Тийиштүү Жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койду.

Буга чейин президенттик аппараттын жыйынында президентке Нурлан Дардановду кызматынан алуу сунушталган.

Нурлан Дарданов бул кызматка 2023-жылдын март айында дайындалган. Буга чейин ал башкы прокурордун биринчи орун басары болуп иштеген.

Exit mobile version