Марал Радиосу

Пара алууга шек саналган эки милиция кызматкери кармалды

Ички иштер министрлигинин эки кызматкери пара алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Комплекстүү тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 30-июлда кызматтык бөлмөсүндө 83 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Балыкчы шаарындагы ыкчам кызматкери И.К.С. жана Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Ш.Ж.Т. кармалды.

Алар Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүндө катталган тергөөгө чейинки текшерүүнү токтотуу маселесин оң жакка чечип берүү үчүн ишкерден акча талап кылууга шектелүүдө.

Кармалган адамдар Бишкек шаарына алынып келинип, шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Exit mobile version