Марал Радиосу

ХАМАС тобунун лидери Исмаил Хания өлтүрүлгөнү кабарланды

ХАМАС тобунун саясий лидери Исмаил Хания өлтүрүлгөнү кабарланды. BBС орус кызматынын маалыматы боюнча, ал Израилдин Тегерандагы резиденциясына жасаган соккусунан каза болгонун аталган топ жарыялады.

«Исмаил Хания Ирандын жаңы президентинин инаугурациясына катышкандан кийин Тегерандагы штаб-квартирасына сионисттердин чабуулунан каза болду», — деп айтылат ХАМАСтын билдирүүсүндө.

Исмаил Ханиянын каза болгонун Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу да жарыялады. Корпустун веб-сайтындагы билдирүүдө анын жансакчыларынын бири Хамастын лидери менен бирге өлтүрүлгөнү айтылат.

Exit mobile version