Марал Радиосу

Жарым жылда Өзбекстанга четтен миңден ашык адам көчүп барган

2024-жылдын январь-июнь айларында Өзбекстанга 1080 адам көчүп барган. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Статистика агенттигине таянып Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.

Агенттиктин маалыматы боюнча, 2024-жылдын биринчи жарымында Өзбекстандын 5 миңден ашуун жараны башка өлкөлөргө туруктуу жашоо үчүн көчүп кеткен. Казакстан эң популярдуу багыт бойдон калууда, ал жакка 4128 адам көчүп барган. Андан соң 760 жана 34 кишини кабыл алып, экинчи жана үчүнчү орундарды Орусия жана Кыргызстан ээледи.

Салыштырсак, 2023-жылдын биринчи жарымында башка өлкөдө туруктуу жашоо үчүн Өзбекстандан 9 миңден ашык адам чыгып кеткен, анын 7080и Казакстанды, 1584ү Орусияны байырлап калган.

2024-жылдын январь-июнь айларында Өзбекстанга туруктуу жашоо үчүн 1080 адам көчүп келген, анын 36,1% Орусиянын, 24,1% Казакстандын жарандары болгон. Бул мезгилде Орусиядан 390, Казакстандан 260, Кыргызстандан 78, Тажикстандан 116, Түркмөнстандан 22 , башка өлкөлөрдөн 214 адам келген.

2023-жылдын биринчи жарымында Өзбекстанга туруктуу жашоо үчүн 1581 адам көчүп келген, анын 582си Орусиядан, 382си Казакстандан болгон.

Exit mobile version