Марал Радиосу

Олимпиада: Суучул Денис Петрашов финалга чыга албай калды

Бүгүн, 31-июлга караган түнү Париждеги Олимпиада оюндарынын алкагында кыргызстандык суучул Денис Петрашов 200 метр аралыкка сүзүү боюнча мелдештин жарым финалына катышты.

Ал брасс стилинде 200 метр аралыкка сууда сүзүү боюнча мелдешке жалпысынан 25 суучулдун арасынан 2 мүнөт 10,99 секунда ылдамдык менен 16-орунду ээлеп, жарым финалга чыккан.

Жарым финалда ал ушул эле аралыкты 2 мүнөт 10,19 секундада сүзүп өтүп, жыйынтыгында 7-орунду ээледи.

Жарым финалдагы эки жолку сүзүүнүн жыйынтыгы менен Денис Петрашов 14-орунду ээлеп, тилекке каршы финалга чыга алган жок.

Финалга жалпы 8 суучул өттү.

Денис Петрашов 27-июлда Олимпиада оюндарында 100 метрди брасс ыкмасы менен сүзүп өтүп, 1 мүнөт 0,42 секунда менен келип, 8-орунду ээлеген. Бул жыйынтык менен 36 суучулдун ичинен ал 23-орунга жайгашкан.

Париждеги жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин, Паралимпиадалык оюндар 28-августтан 8-сентябрга чейин өтөт.