Марал Радиосу

Сокулукта кармалган «ханзаданын» иши боюнча жаңы жагдайлар

Чүйдүн Сокулук районунда 15 жаштагы өспүрүм кордукка кабылганы боюнча социалдык тармактарда видео тарады. Окуя 24-июль күнү болгон.

Видеодогу адам өзүн “ханзаада” деп айтууга мажбурлап, бутун өптүрүп, өспүрүмдүн санына бычак сайып, мунун баарын видеого тартып алган.

Укук коргоо кызматкерлери кылмышка шектүү катары Ч.И аттуу 19 жаштагы баланы кармашкан. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык» беренеси менен иш козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жарандын ушул сыяктуу башка аракеттерге катыштыгы бар экендиги аныкталган. Иш Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесине («Кыйноо») кайра квалификацияланган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Соттон кабарлашкандай, 27-июль күнү Сокулук районунун тергөө судьясы тарабынан кармалган баланын баш коргоо чарасы аныкталып, ал 26-сентябрга чейин камакка алынган.

«Карындашын коргогон»

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы кармалган жарандын ата-энеси милицияга кайрылып, жабырлануучу 15 жаштагы Ж.К.га карата арыз жазганын билдирди.

Ата-эненин айтымында, видеодо кордук көргөн Ж.К. аттуу бала 2024-жылдын май айынан бери 16 жаштагы кызын аңдып, денесине залал келтиребиз деп коркутушкан. Телефон аркылуу да коркутуулар болгон. Кыз бул боюнча агасы 19 жаштагы Ч.И.га айтып берип, жигиттердин ортосунда чыр чыккан.

15 жаштагы Ж.К. бычак менен келген, Ч.И. колунан бычакты алып, сабап, бутунан өпкөнгө мажбурлап, акырында өспүрүмдү санынан жарадар кылган.

Учурда бул иш УКМКнын кароосуна өткөнү белгилүү болду.