Марал Радиосу

Кыргызстанда миңден ашык айылда таза суу жок

Кыргызстанда 1906 айыл болсо, анын 637си гана таза суу менен камсыз болгон. Калган 1071 айылга ичүүчү суу кире элек.

Учурда өлкө боюнча 260 айылга таза суу киргизүү программасы иштеп жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Анын алкагында Жалал-Абад облусунда 24 айыл, 6 шаарда, Баткен облусу боюнча 72 айыл, 6 шаарда, Ош облусу боюнча 42 айыл 4 шаар, Талас облусунда 17 айыл 1 шаар, Чүй облусунда 42 айыл 5 шаар, Ысык-Көл облусунда 20 айыл, 3 шаар, Нарын облусунда 43 айыл, 1 шаарда.

Андан сырткары, жер алдындагы сууларды пайдалануу боюнча 2024-2030-жылдары скважиналар боюнча программа ишке ашырылары кабарланды. Анын алкагында 1155 скважинада оңдоо иштери каралып, ага 3,6 млрд сом каражат сарпталууга тийиш.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев таза суу менен камсыздоо ишин тездетүүнү тапшырды.