Марал Радиосу

Париж-2024: Кыргызстандык Петрашов 200 метрге сүзүү боюнча мелдешке катышат

Бүгүн, 30-июлда Париждеги Олимп оюндарынын алкагында кыргызстандык суучул Денис Петрашов экинчи ирет күч сынашат.

Ал брасс стилинде 200 метр аралыкка сууда сүзүү боюнча мелдешке катышат. Бул жарышка жалпы 25 спортчу чыгат. Жарым финалга чыгуу үчүн ТОП-16га кириш керек.

Мелдештер Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө башталат.

27-июлда Денис Петрашов Олимпиада оюндарында 100 метрди брасс ыкмасы менен сүзүп өтүп, 1 мүнөт 0,42 секунда менен келип, 8-орунду ээледи. Бул жыйынтык менен 36 суучулдун ичинен ал 23-орунга жайгашып, жарым финалга чыга алган жок.

Париждеги жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин, Паралимпиадалык оюндар 28-августтан 8-сентябрга чейин өтөт.