Марал Радиосу

Ош – Ноокат жолунда түлөө өткөрүлдү

Ош облусунун Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Ош– Ноокат жолунда мал союп түлөө өткөрүп, эл-журттун амандыгын тилеп дуба кылышты.

Бул тууралуу Муфтияттан кабарлашты.

«Бул жылы Ноокат районунун тургундары үчүн тилсиз жоодон улам оор сыноолор келип, көпчүлүктү кайгыга салды. Эзелтен ата-бабаларыбыз мындай учурларда Жаратканга дуба кылып, эл-журттун амандыгы үчүн түлөө өткөрүшчү. Биз да Ош – Ноокат жолунда түлөө өткөрүп, жол кырсыгы жана башка апааттардан алыс болуу үчүн дуба кылдык. Аллахым дубаларыбызды кабыл кылсын», — деди баш имам-хатиб Бекназар ажы Жапаров.

28-июнда катуу жааган жаандан улам Ош облусунун Ноокат районунда сел жүрүп, өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Сел агызып каза болгондордун саны 10 адамга жеткен. Турак-жайлар, эгин талаалары, мал-жандыктар жабыркаган.

14-июлда Ош шаары жана Кара-Суу районунун аймагында катуу жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, борбордук базарды, эс алуу жайларын жана бир катар айылдарды каптаган. Сел беш адамды агызып кеткен.