Марал Радиосу

Кытайга өрүк экспорттоо: Кыргыз-кытай инспекциясы уюштурулат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кытайга айыл чарба продукциясын экспорттоону көбөйтүү үчүн шарттарды түзүү алакеттери уланып жатканын билдирди.

Буга чейин Кыргызстандан Кытайга өрүктү экспорттоодо фитосанитардык талаптар жөнүндө протокол бекитилген. Ага ылайык, өрүк өстүрүлгөн аймакта ыйгарым укуктуу органдардын биргелешкен кыргыз-кытай инспекциясын уюштуруу зарыл.

Бул аракеттерден кийин жакында өрүк өндүрүүчүлөр Кытайдын рыногуна чыгууга мүмкүнчүлүк алышарын министрлик билдирди.

Учурда өрүк өндүрүүчүлөргө кытайлык өнөктөштөрдү издеп жана өрүктү жеткирүү боюнча фьючерстик келишимдерди түзүү сунушталды.