Марал Радиосу

Кыргызстандыктардын Орусияга кирүү маселелери талкууланды

Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев менен Орусиянын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Сергей Вакуновдун жолугушуусу болду. Анда Кыргызстандын жарандарынын Орусияга кирүү жана анда жүрүү маселелери талкууланды.

Алмаз Имангазиев Кыргызстандын жарандары үчүн Орусияга кирүүдөн баш тартуу учурларынын көбөйүп жатканына жана аэропорттордо текшерүү процедураларынын узактыгына тынчсыздануусун билдирди. Өлкөдөгү коопсуздукту камсыздоого багытталган чараларын Кыргызстан тарап түшүнүү менен кабыл аларын белгиледи.

Орусия элчиси Сергей Вакунов күн тартибиндеги бардык темалар боюнча биргелешип иштөөгө даярдыгын билдирди.

Орусиянын Кыргызстандагы буга чейинки элчиси Николай Удовиченко июлдун башында димпломатиялык миссиясын аяктаган. Анын ордуна Сергей Вакунов дайындалган.