Марал Радиосу

Париж-2024: Казакстандык дзюдочу Елдос Сметов алтын утту

Казак дзюдочусу Елдос Сметов 60 килограмм салмакта Олимпиаданын алтын медалын жеңип алды. Бул Казакстан  курама командасынын Париж оюндарындагы биринчи алтыны.

Чечүүчү беттеште ал француз спортчусу Лука Мхеидзени жеңип алды. Жарым финалдык беттеште дүйнөнүн азыркы чемпиону, Европанын үч жолку чемпиону казакстандык Франсиско Гарригосту утуп алды.

Жарым финалга чыгардан мурун Сметов голландиялык Торнике Чакадуаны, украиналык Дилшот Халматовду жана тайвандык спортчу Юн Вей Янгды жеңген.

Элдос Сметов үчүн Париждеги Олимпиада үчүнчү болуп саналат. Ал Рио-де-Жанейродо күмүш, Токио оюндарында коло медаль тагынган.

Париждеги жайкы Олимпиада оюндарына Казакстандын атынан 80 спортчу катышууда. Оюндар 11-августка чейин уланат.

28-июлда Кыргызстандан барган дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу 66 килограммга чейинки салмак ченинде 1/16 финалда украиналык спортчу Богдан Ядов менен беттешип, атаандашына 0:11 эсебинде утулуп калды.

Дагы бир дзюдочу Эрлан Шеров 31-июлда 90 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашат. Беттештин башталышы Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө.