Марал Радиосу

Бишкектеги Горький көчөсүндө оңдоо иштери 29-июлда башталат

Бишкектеги Горький көчөсүндө оңдоо иштери 29-июлдан тарта башталат.

Жол оңдоонун биринчи этабында Горький көчөсү Ч.Айтматов проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

Учурда жол куруучу техникаларды, лоток, бордюрларды алып келүү иштери жүрүп жатат. Аталган иштердин алкагында жолдун асфальт катмары, бордюрлар жаңыланып, майдаланган шагыл-мастикадан асфальт төшөлөт.

М.Горький көчөсүнө капиталдык оңдоо иштери Ч.Айматов проспектисинен 7-Апрель көчөсүнө чейин жүргүзүлөт.