Марал Радиосу

Чыныбай Турсунбековдун кызы абактан бошотулганы маалым болду

Парламенттин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбековдун кызы Айдай Турсунбекова УКМКнын тергөө абагынан бошотулду. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

УКМКнын башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү айыпталуучу Айдай Турсунбековага карата баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүнгөн. Сот өтүнүчтү канааттандырып, тил каттын негизинде бошоткон.

Чыныбай Турсунбековдун эки кызы кармалганы 19-июлда белгилүү болгон. Айдай Турсунбекова 24-августка чейин камакка алынганы, Турсунбековдун дагы бир кызы Бегимай Чыныбай кызы 26-августка чейин үй камагына чыгарылганы маалымдалган.

Соттун маалыматына караганда, аларга Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси (“Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)”) менен иш козголгон.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 2022-жылы декабрда Ысык-Көлдөгү «Акун» пансионатына мыйзамсыз берилип кеткен 371 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылганын билдирген.

2008-жылы Ысык-Көл райондук соту тарабынан «Акун» пансионатынын жеке менчигине Кара-Ой айылында жайгашкан 17,65 гектар жер тилкесин берүү боюнча мыйзамсыз чечим чыгарылган, анын натыйжасында ыйгарым укуктуу мамлекеттик каттоо органы тарабынан жеке менчик укугуна мамлекеттик акт мыйзамсыз берилген.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбековдун кыздарынын кармалышы боюнча комментарий берди.

Ал 7-каналга берген интервьюсунда: «Чыныбай Турсунбековдун кыздары 2010-жылы Максим Бакиевге тиешелүү «Акылинвестбанкты» рейдерлик жол менен тартып алышканын айтты. Чыныбай Турсунбеков аялы Нуржан Тентимишовага каттатып, атын «Капитал банк» деп өзгөртүшкөнүн, ошондон бери «Капитал банк» болуп иштеп келе жатат» , — деп билдирди.

Мындан сырткары, Бишкек арак заводун 1,5 гектарга жакын жери менен кошо мыйзамсыз менчиктештирип алышканын айтты.

Чолпон-Ата шаарында 18 гектар жерди да мыйзамсыз алып, «Акун» деген пансионат салып алышканын кошумчалады.