Марал Радиосу

Париж: Бүгүн дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу беттешке чыгат

Париждеги Олимпиада оюндарынын экинчи күнүндө кыргызстандык дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу беттешке чыгат.

Ал 66 кг салмак категориясында күч сынашат. Дзюдо боюнча турнир Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталат.

Кыргызстандык спортчунун 1/16 финалдагы атаандашы украиналык Богдан Ядов экени белгилүү болду.

Париждеги жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин, Паралимпиадалык оюндар 28-августтан 8-сентябрга чейин өтөт.

27-июлда кыргызстандык суучул Денис Петрашов Олимпиада оюндарында 100 метрди брасс ыкмасы менен сүзүп өтүп, бул аралыкка сүзүүгө 36 спортчу чыгып, алар 5 топко бөлүндү.

Денис Петрашов бешинчи жарыштагылардын арасынан 1 мүнөт 0,42 секунда менен келип, 8-орунду ээледи.

Бул жыйынтык менен 36 суучулдун ичинен ал 23-орунга жайгашып, жарым финалга чыга алган жок.

Эми Денис Петрашов 30-июлда 200 метрди брасс ыкмасы менен сүзүүгө катышат.