Марал Радиосу

Бишкектеги университеттер менен лицейлерде сабактар ​​саат 10:00дө башталат

Бишкекте ​жогорку окуу жайларда, кесиптик лицейлерде жана колледждерде сабактар ​​саат 10:00дөн эрте башталбайт. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Бул убакыт министрлер кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы токтомуна ылайык, аскердик жана укук коргоо органдарынын тутумуна кирген орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарына тиешеси жок.

Ал эми борбор калаада жайгашкан жеке менчик окуу жайларга да сабактарды саат 10:00дө кийин баштоо сунушталат.

Мектептерге сабактарды саат 08:00дөн эрте баштоого уруксат берилди. Мэрия буга чейин мектептерде сабакты саат 07:30да баштоону сунуштаган, долбоор коомдук талкууга коюлган. Бул кадам борбор калаадагы унаа тыгынына каршы көрүлгөн чара экени айтылган.