Марал Радиосу

Дөлөн Өмүрзаков стадионунун кичи аренасынын курулушу жүрүүдө

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун жаңы кичи аренасынын курулушу жүрүп жатканын Президенттин администрациясынан кабарлашты.

Буга чейин шаар бийлиги кичи аренанын курулушу 31-августка карата бүтө турганын билдирген. Арена 3 миң көрүүчүнү батыра алары жана кичи футбол, баскетбол жана хоккей ойноого мүмкүнчүлүк берери айтылган.

Аталган обьектинин курулушунун жүрүшүн президент башка курулуш иштерин кароонун алкагында апрелдин соңунда пландан тышкары барып көргөн.