Марал Радиосу

«CASA-1000» долбоорун каржылоо боюнча мыйзамга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров “CASA-1000” Борбордук Азия жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ортосунда электр энергиясын берүү жана сатуу долбоору үчүн кошумча каржылоо” долбоору боюнча мыйзамга кол койду.

Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын, Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашуу боюнча келишимге буга чейин кол коюлган.

Мыйзам 2024-жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Каржылоо жөнүндө макулдашуунун жоболоруна ылайык, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы 18,3 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү кредиттик каражаттарды жылдык 0 % пайыздык ставка менен 50 жылга бөлүп берет, анын ичинде жеңилдетилген мезгил – 10 жыл.

Кредиттик макулдашуунун жоболоруна ылайык, Ислам өнүктүрүү банкы 13,0 млн доллар кредитти жылдык 1,5 % пайыздык ставка менен 25 жылга бөлүп берет, анын ичинде жеңилдетилген мезгил – 7 жыл.

CASA-1000 долбоору Борбордук Азия менен Түштүк Азиянын — Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистандын энергетикалык тутумдарын байланыштырууга багытталып, эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясын сатуу боюнча механизмдерди иштеп чыгат.

Кыргызстандагы CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында 500 кВт электр линиясы курула баштаган.