Марал Радиосу

Тажикстан Кытайдан Европага чейин пилоттук поезд каттамын уюштурат

Тажикстандын транспорт министри Азим Иброхим тиешелүү мекемелерге «Кытай – Тажикстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Иран – Түркия – Европа» мультимодалдык коридор боюнча пилоттук темир жол поездин уюштуруу тапшырмасын берди.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.

Иброхимов бул тууралуу өлкөнүн транспорт тармагындагы ишмердүүлүктүн 2024-жылдын биринчи жарымындагы жыйынтыгына жана 2024-жылдын үчүнчү кварталында аткарыла турган иштерге арналган министрликтин коллегиялык жыйында билдирген.

Министр жаңы транзиттик темир жол линияларын куруу жана акырындык менен темир жол вагондору менен локомотивдердин паркын жаңылоону тапшырды.

Ошондой эле жылдын экинчи жарымында транспорт каражаттарын жүктөр, билеттер, документтер жана уруксат кагаздары менен камсыз кылып, логистикалык борборлорду куруу пландалууда.

Министр «Кытай – Тажикстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Иран – Түркия» коридорун натыйжалуу пайдалануу боюнча жигердүү иштер жүрүп жатканын белгилеп, бул «аймактык экономикалык интеграцияга түрткү болорун» кошумчалады.