Марал Радиосу

Ош жана Бишкекте айрым күндөрү унаа айдоого чектөө киргизүү сунушталды

Бишкек мэриясы борбор калаа менен Ош шаарындагы унаа тыгындарын чечүүнүн бир жолу катары автоунаалардын кыймылына чектөө киргизүүнү сунуштады. Долбоор коомдук талкууга чыгарылды.

Мэрия Бишкек шаарында 600 миңден ашык унаа жүрөрүн, ошол эле учурда борбордун жолдорунун өткөрүү жөндөмдүүлүгү 350 миң автоунаага ылайыкталганын белгиледи.

Айдоочулардын 52 пайыздан ашыгы автоунаада жалгыз жүрөт, 33 пайызы бир жүргүнчү менен, ал эми 3,2 пайызы үч же андан көп жүргүнчүсү менен айдайт.

Долбоорго ылайык, Бишкек жана Ош шаарларынын жолдорунда унаанын акыркы номери боюнча белгиленген күнү автоунаа кыймылына чектөө киргизилет. Мисалы:

Автоунаанын номуру 1 жана 2 сандары менен бүтсө — дүйшөмбү күнү;

3 жана 4 — шейшемби;

5 жана 6 — шаршемби;

7 жана 8 — бейшемби;

9 жана 0 — жума күндөрү Бишкек жана Ош шаарларында жүрүүгө тыюу салынат.

Бул мыйзамды бузгандар үчүн жеке жактарга миң сом, юридикалык бузууларга 5 миң сом айып салынат. Чектөөлөр иш күндөрү саат 7:00дөн 21:00гө чейин болот. Мэрия бул кадам жол тыгынын 20%га жакын азайтат деп эсептейт.

Белгиленгендей, чектөөлөр атайын, нөөмөт жана коомдук транспортко жайылтылбайт.