Марал Радиосу

Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайку унаа жолу бир тарапка ачылды

Ош облусунун Кара-Кулжа районунунда Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайку унаа жолу бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

23-июль күнү саат 06:30 чамасында Кара-Кулжа районунунда жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайку унаа жолунун 19-чакырымы эки тараптуу жабылган.

Жерине №26 жол тейлөө кызматынан жүктөгүч тартылып, унаа жолу саат 08:15те бир тараптуу ачылды.