Марал Радиосу

Токтогул районунда «Кайнама» чакан ГЭСи ачылды

Президент Садыр Жапаров 22-июлда Жалал-Абад облусуна жасаган жумуш сапарынын жүрүшүндө Токтогул районунда «Кайнама» чакан ГЭСин ачты.

ГЭСтин курулушу 2023-жылдын ноябрында башталган. 2024-жылы кубаттуулугу 9,6 МВт болгон эки гидроагрегаты бар гидроэлектростанциянын курулушу аяктады.

ГЭСтер каскадын курууга 9 млн 307 миң АКШ доллары жумшалган. Анын ичинде Raffaisen Landesbank Steiermark банкынын жана Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун салымы да бар.

“Кайнама” чакан ГЭСинин жалпы кубаттуулугу 9,6 МВатты түзүп, жылына 39,2 млн киловат/саат энергияны иштеп чыгат.

Садыр Жапаров Орто-Токой жана Папан суу сактагычтарында ушул сыяктуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча келишимдерге кол коюлганын белгиледи.

Мындан тышкары, 22-июлда Жалал-Абаддын Сузак районунда “Көк-Арт” чакан ГЭСинин ачылышы болду.